Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ кечинде бороондон улам “Сосновка” түйүнүнөн жүк ташыган машинелерди өткөрбөй туруу чечими кабыл алынды.

 

Ал эми жеңил унаалар бир гана тайгактыкка каршы чынжырчалары жана  500 метрлик аралык менен өткөрүлүүдө. Жеринде жолчулар иштеп, тынбай жааган карды тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.