Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Асаналиев, Токтоналиев, Жаш Гвардия көчөлөрүндө, Учкун, Тынчтык, Арча-Бешик, Дордой конуштарында жана Көк-Жар, Пригородное, Манас, Беловодск, Александровка, Ак-Суу айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.