Бишкекте балаты базары ачылды.
Декабрдын аягында Көк-Жар кичи районундагы бакча базары ийне жалбырактуу токойго айланат.
Бул жерде бир нече түрдөгү ар кандай сорттогу карагайлар бар.
Быйыл баа орточо эсеп менен 20 пайызга кымбаттап, суроо-талап да өсүүдө.
Алсак, бир метр узундуктагы балаты кардарларга орточо эсеп менен 1 жарым миң сомдон сунушталууда.
Баардык дарактар тамыры менен сатылат.