Кыргызстанда алгачкы кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар расмий иштей баштады.   Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү бала бакчанын биринчиси Чүй облусунун Москва районунда ачылды. Бул жер эртең менен же түштөн кийин келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган. Жалпысынан Москва… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөр атайын колдонмолор менен даярданса болот

Жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөр атайын колдонмолор менен даярданса болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, testing.kg сайтында акысыз видеосабактар жана онлайн тест жеткиликтүү. Андан тышкары, аймактык билим берүү башкармалыктарына колдонмолор жеткирилген.   Ошондой эле каалоочулар… Кененирээк…

Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окутуулар өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Ага 820 тарбиячы катышты.   Адистердин көбү жакын арада бала бакчаларда иштей баштаса, калгандары балдарды өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгүнө тартылат. Мугалимдерди даярдоонун экинчи этабы май жана… Кененирээк…

Мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдө жаңы мугалимдерди алуу зарылчылыгы болбойт

Мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдө жаңы мугалимдерди алуу зарылчылыгы болбойт. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, нөлүнчү класстарды даярдаган кадрлар жетиштүү.   Анын ордуна окутуу стандарттары өзгөртүлөт, алсак, көбүрөөк каражат китептерди сатып алууга жана класстарды адистештирүүгө багытталат.   Министр кошумчалагандай, буга чейин өлкөдө 3-4… Кененирээк…

Биринчи класстын окуучулары Жаңы жылдан кийин дароо экинчи класска которулушу мүмкүн

Биринчи класстын окуучулары Жаңы жылдан кийин дароо экинчи класска которулушу мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, атайын эксперттик топ түзүлүп, нөлүнчү, биринчи класстын программаларын салыштырып жатат. Программада кайталанган учурлар болсо, биринчи класстын окуучулары экинчи класска которулушу керек.   Күтүлгөндөй,… Кененирээк…

12 жылдык билим берүүгө байланыштуу жол картасы иштелип чыгат

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу системасына өтүүгө байланыштуу жол картасын иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, негизги максат – дүйнөлүк билим берүү системасынын деңгээлине туура келүү.   Бириккен Улуттар Уюумунун 193 өлкөсүнүн 150сүндө 12 жылдык билим… Кененирээк…

Айрым адистиктерге жалпы республикалык тестирлөө талап кылынбайт

Айрым адистиктерге жалпы республикалык тестирлөө талап кылынбайт. Адатта алар чыгармачыл кесиптер экенин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   “Биздин сайтта адистиктердин жана багыттардын тизмеси илинип турат. Каттоо жүрүп жаткан мектеп, райондук же шаардык билим берүү мекемелеирнде тизмелер берилген. Мисалы, кыргыз… Кененирээк…

Мектептерде 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Мектептерде 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Каттоо mektep.edu.gov.kg автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.   Биринчиси – жашаган жери боюнча 8-апрелден 2-июнга чейин болсо, экинчи этап анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда эреже бузган абитуриенттер эскертүүсүз четтетилет

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда эреже бузган абитуриенттер эскертүүсүз четтетилет. Бул тууралуу кененирээк  Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Эң негизгиси абитуриенттер эрежелерди так сакташы керек. Мисалы, эгер абитуриент тест учурунда телефон, наушник, камера, кандайдыр бир жазуу шаймандарын ала кирсе,… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Фрунзе айылында жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунун Фрунзе айылында жаңы мектеп пайда болот.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси  225 окуучуга чакталат.   Курулушка 126,5 миллион сом жумшалат деп пландалууда. Аткаруучу компаниялардан арыздарды кабыл алуу башталды.