Бүгүнтөн тарта салык органдары түн ортосуна чейин иштейт

Бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна дейре иштейт.   Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүк жүргүзүү үчүн кабыл алынды. Ага ылайык, документтер иш күндөрү жана дем алышта эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин… Кененирээк…

Жыл башынан бери 3 миңден ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Ушул жылдын 22-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 1 млрд 244 млн 836 миң сомго 3024 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Насыялар эки категория боюнча берилүүдө.   Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы… Кененирээк…

Улуттук банк төртүнчү ирет тескери интервенция жасады

Улуттук банк валюта базарынан 25 млн 850 миң доллар сатып алды. Маалымат өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында жарыяланды.   Бул жыл башынан берки төртүнчү тескери интервенция.   Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат.

Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди

Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.   Белгилүү болгондой, Таластын дыйкандары негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы 30 жылдан бери сорт жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп… Кененирээк…

2024-жылга Суу ресурстары кызматына 7,3 млрд сом бөлүү каралган

Суу ресурстары кызматына 2024-жылы 7,3 млрд сом бөлүү каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде:   мамлекеттик инвестициялар — 3 589,3 млн сом; атайын каражаттар — 126,7 млн сом; бюджеттик каражаттар — 3 614,8 млн сом. Мындан тышкары, 2024-жылга республикалык бюджеттин «Капиталдык… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Бишкектин абасын жакшыртууга 50 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк Бишкектин абасын жакшыртууга 50 млн доллар берет. Жогорку Кеңеш былтыр декабрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.   Долбоор өкмөттүн абанын сапатын жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүгүн чыңдоо, турак жайларды экологиялык жактан таза жылытуу… Кененирээк…

Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоого республикалык бюджеттен кошумча 2,5 миллиард сом талап кылынат

Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоого республикалык бюджеттен кошумча 2,5 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган токтомунда айтылат.   “Санарип кампа” билим берүү программасы менен камсыздалган техника мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде иштеген 80 миң мугалимге берилет. Эске салсак, бийлик ноутбуктарды Кытайдан сатып… Кененирээк…

Айылдарда тери жана жүндү кайра иштеткен ишкана ачуу пландалууда

Кыргызстандагы ар бир аймакта тери менен жүндү кайра иштеткен чакан ишканаларды куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Бул үчүн фермерлерге малдын терисинин сапатын бузбай сыйрып ала турган атайын станок сунушталууда.

Улуттук банк бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, эл аралык валюта рыногунан 19 миллион 200 миң доллар сатылып алынды.   Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат. Бул ирет интервенция сом бекемделип, америкалык жана… Кененирээк…

“Google салыгы” түрүндө чет элдик компаниялардан дээрлик 189 млн сом түштү

“Google салыгы” түрүндө чет элдик компаниялардан дээрлик 189 миллион сом түштү. Жылдын биринчи кварталы боюнча маалымат Мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилди.   Жалпысынан Салык кызматында 57 чет элдик компания катталган. Өткөн жылы салыктын бул түрүнөн 430 миллион сомдон ашык каражат чогултулган.   Эске салсак, 2022-жылы… Кененирээк…