Кыргызстанда “Жаштар жана коопсуздук” аттуу акция башталды

Кыргызстанда “Жаштар жана коопсуздук” бир айлык акциясы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Форумда диний толеранттуулук, эрте никеге туруу, зордук-зомбулук, баңгизаттардын жана радикалдашууну алдын алуу боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу талкуулар жүрөт.   Иш-чара 2020-2030-жылдарга Жаштар… Кененирээк…

Бишкекте Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө

Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө.   Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 09:00дө башталды. Ал эми саат 13:00дөн баштап улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.

Жалал-Абадда 61 млн сомго кинотеатр курулат

Жалал-Абад шаарына кинотеатр куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Капиталдык курулуш департаменти жарыялаган.   Белгиленгендей, маданий объектти Спутник кичирайонундагы Нооруз сейил багынын аймагына куруу пландалып жатат. Объекттин сметалык баасы 61 млн сомду түзөт, курулуш ушул жылдын октябрында аяктайт деп күтүлүүдө.

Бишкектин Ала-Тоо аянтына 100 метрлик флагшток орнотуу пландалууда

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкектин Ала-Тоо аянтына 100 метрлик флагшток орнотуу пландалууда. Бул тууралуу ордо калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев билдирди.   Ал белгилегендей, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата желектин узундугу 33 метрди түзөт.

Масыда заманбап этномузей жана китепкана курулат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында заманбап этномузей жана китепкана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Долбоорлорду быйыл ишке ашыруу пландалууда.

Бишкекте Иран искусствосунун күндөрү өтөт

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде 13-16-март күндөрү Иран искусствосунун күндөрү өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, иш-чара Иран маданияты күндөрүнүн алкагында аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда. Көргөзмөдө каллиграфия, миниатюра, торевтика, маркетри жана эмалга сүрөт тартуу чеберчилиги менен таанышууга… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы заманбап балет труппасы түзүлөт

Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт. Маданият министрлигинен билдиришкендей, классика жана заманбап бийи синтездешкен балет труппасына 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат. Кастинге катышууда жарандык чектелбейт.   Кастинг 2024-жылдын 3-4-апрель… Кененирээк…

Кыргызстанда музыкалык мектеп оңдоодон өткөрүлөт

Кыргызстанда жакынкы эки-үч жылда 70 музыкалык мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал белгилегендей, мектептерди оңдоп-түзөө калктын маданиятын жогорулатып, жаш таланттардын кыялына жетүү жолунда жардам берет.

Бишкекте Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди

Бишкек шаарында Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, саамалыкка мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова катышты.… Кененирээк…

Кыргызстанда музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтар санариптештирилет

Кыргызстанда музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтар санариптештирилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Мындай кадам музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында ишке ашырылууда. Учурда Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Фрунзе мемориалдык үй-музейи жана… Кененирээк…