Дагы бир депутат Жогорку Кеңештен кетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту. Мындай чечим БШКнын 23-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.   Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. Жусупбек Коргонбай уулу №5 Ноокат бир мандаттуу округунан шайланып келген.   Ал парламенттин 14-марттагы… Кененирээк…

Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты. Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган.   Ага ылайык, айыпталуучу М.Р.Ы. карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга, башкача айтканда, 2024-жылдын 26-июнуна… Кененирээк…

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   “Сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин,… Кененирээк…

Үч округ боюнча парламент депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси түзүлдү

Үч округ боюнча парламент депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси түзүлдү. Боршайкомдун маалыматы боюнча, ага жалпысынан                    340 миң адам кирди.   Добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү менен тизмелер эртең бардык шайлоо тилкелеринде илинет. Эске салсак, Баткен, Кара-Суу жана Ош округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-апрелде өтөт.

УКМК ишкер Имамидин Ташов кармалганын билдирди

Издөөдө жүргөн «KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.   «Тактап айтканда, И. Ташов Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз… Кененирээк…

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке 150 млн сом төлөп берди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, Камчыбек Жолдошбаевдин иши боюнча 2024-жылдын 19-апрелинде анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн… Кененирээк…

Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн расмий сапар менен Казакстан Республикасына учуп кетти. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчы казак президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына катышат.   Ошондой эле Кыргызстан… Кененирээк…

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   «Президент Садыр Жапаров сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылык… Кененирээк…

Акылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн Вашингтонго (АКШ) келди.   Жумушчу сапарынын алкагында ал Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы… Кененирээк…

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камалды

Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди. Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, ал 11-майга чейин камакта болот.   Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин… Кененирээк…