Жалал-Абаддын Аксы районунда да сел жүрдү

Кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абаддын Аксы районунда да сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу каптады.   Мындан тышкары Аксыдагы айрым айылдарда унаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган.   20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандан улам Ош облусунун Алай,… Кененирээк…

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык… Кененирээк…

Мас абалында руль башкарган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалым болду. Ага ылайык, өткөн жылдын март айынан бери 10 миң 163 айдоочу ичимдик ичип унаа башкарганы үчүн бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.   Эске салсак, өлкөдө… Кененирээк…

Селден улам Талас районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Талас облусунун Талас районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ, 22-апрелде аталган райондун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылы, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылы жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1… Кененирээк…

Ошто сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашуун техника тартылды

Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашык техника тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эске салышкандай, аймакта 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн.   Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган. Облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Жалал-Абадда дагы 40тан ашык турак жайды сел каптады

21-апрелден тарта Жалал-Абад облусунда жааган жамгырдан улам Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колотордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, үч үйдүн ичине кирип кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Мындан тышкары, сел Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө… Кененирээк…

ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана… Кененирээк…

Коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлөт

Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлөт.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Бишкектеги ресторандардын биринде жарандардын жапырт ууланганына байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өттү. Анда тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу сунушталды.   Экономика министрлигине жеке коомдук тамактануу жайларына электрондук эсеп-фактураларды колдонуу,… Кененирээк…

Ноокенде селден улам тургундар коопсуз жайга эвакуацияланууда

Ноокенде селден улам тургундар коопсуз жайга эвакуацияланууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аталган райондун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп, Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралды.   Мындан улам, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар өзгөчө… Кененирээк…

Таластын бир катар айылдарында да сел жүрдү

Кечээ, 22-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам Талас районуна караштуу Көк-Кашат, Ак-Жар жана Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жатат.   20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандын айынан Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана… Кененирээк…