Кыргызстан “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак сатып алды

Кыргызстан сатып алган “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак бүгүн, 28-мартта «Манас» эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, жаңы учак Кыргызстандын делегациясын ташыйт. Мындан сырткары Орунбеков ушул жылы дагы бир учак алынарын… Кененирээк…

Бишкекте катуу шамал бак-дарактарды кулатып, чатырларды учурду

Бишкекте катуу шамал бак-дарактарды кулатып, чатырларды учурду.   Синоптиктер ордо калаада жана Чүй облусунда катуу шамал боло турганын эскертишкен.   Алардын маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына  22 метрге чейин жетти. Мындай учурда жарандарга жеңил конструкциялардын, курулуштардын алдынан өтпөй, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат.

Кыргызстанда туризм субъектилеринин мамлекеттик бирдиктүү реестри түзүлөт

Кыргызстанда туризм субъектилеринин мамлекеттик бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова билдирди.   Анын айтымында, реестрге туризм тармагында кызмат көрсөткөндөр туралуу бардык маалыматты чогултуу пландалууда. Күтүлгөндөй, ал өлкө үчүн дагы, Кыргызстан га келе турган чет элдик жарандар үчүн дагы ыңгайлуу… Кененирээк…

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ак Кула” подстанциясын куруу пландалууда

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ак Кула” подстанциясын куруу пландалууда. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, курулуш иштери апрелде башталат.   Мэрия тарабынан “Ак Кула” ат майданынын жанынан жер тилкеси бөлүндү. Учурда инженердик-техникалык документация жүргүзүлүүдө. Подстанциянын кубаттуулугу 110 киловатт-саатты түзөт.

Суучулдар борборунун адистери Ысык-Көлдү таштандыдан жана балык торлорунан тазалоого киришти

Суучулдар борборунун адистери Ысык-Көлдү таштандыдан жана балык торлорунан тазалоого киришти.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Түп районунда жүргүзүлдү. Көлдүн түбүнөн браконьерлердин торлору чыгарылып жатат.  

Баткенде жаңы асфальт завод ишке берилет

Баткенде жаңы асфальт завод ишке берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана күнүнө 350 тоннага чейин асфальт чыгарат.   Аны сырье менен камсыздоо максатында жанына таш майдалоочу завод курулган. Бул жерде күнүнө 40 тонна таш майдаланат.   Асфальт заводу… Кененирээк…

Баткен жана Кара-Суу округдарында депутаттарды шайлоого 23 миллион сом багытталат

Баткен жана Кара-Суу округдарында депутаттарды шайлоого 23 миллион сом багытталат.   Боршайкомдун маалыматына ылайык, каражат добуш берүү процессин уюштурууга, комиссия мүчөлөрүн окутууга, шайлоо жабдууларын, документтерди жеткирүүгө жумшалат.   Эки округ боюнча 200 миңден ашык добуш берүүчү катталган. Эске салсак, Баткен жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңеш… Кененирээк…

Россия аймактарында такси кызматына чет элдиктерди ишке кабыл алууга тыюу салынды

Москванын “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы терракттан кийин бир катар россиялык аймактарда такси кызматына чет элдиктерди ишке кабыл алууга тыюу салынды. Мындай эреже жакында бүткүл Россияда жайылтылат, — деп билдирди “Такси кызматын өнүктүрүү боюнча коомдук кеңештин” жетекчиси Ирина Зарипова.   Ал белгилегендей, учурда такси айдоочулугуна… Кененирээк…

Нарында Нарын дарыясынын түндүк тарабын көрктөндүрүү пландалууда

Нарында Нарын дарыясынын түндүк тарабын көрктөндүрүү пландалууда.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, ведомствонун аймактык башкармалыгы долбоордук-сметалык документацияны даярдады.   Ага ылайык, Москва районундагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүнөн асма көпүрөгө чейнки тилке калыбына келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, трассанын 50-80-чакырымдары өткөн жылдын ноябрь айында аба-ырайынын катаал шарттарын эске алуу менен жабылган болчу.   Учурда жеринде жолчулар иштеп, кар күрткүлөрүн жана көчкүлөрдү тазалап, унаа… Кененирээк…