Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, 10-февралдан 12-февралга чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары ишин токтотот.

 

Бул чаралар Кытайда жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

 

Адамдар, унаалар жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралдан тарта жанданат.