Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында 3-декабрда чыр чыккан аймакта абал тынч экенин бүгүн 5-декабрда “Азаттык” радиосуна Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.

 

Ал Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аймакта туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулаганын айтты.

 

Аким кошумчалагандай, эки коңшу райондун чек ара жана милиция жетекчилери өз алдынча жолугушууларды өткөрүштү.

Жараат алган жергиликтүү тургун ооруканада алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйүнө чыкты, анын абалы туруктуу.

 

Кыргызстандын Чек ара кызматы 3-декабрда кыргыз жараны Тажикстандын Сомониён айылы аркылуу Кыргызстандын Дахма деген жери көздөй өтүп баратканда “тажикстандыктар ага орой сөз айтканын”, натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, таш ыргытууга чейин жеткенин билдирди.

Азырынча чек арадагы соңку чырдын чоо-жайы тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү тарата элек. “Азаттыктын” тажик кызматы (“Озоди” радиосу) окуя болгон Тажикстандын Чоркух жамаатына караштуу Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, «кыргыз тараптан тажик жаранына таш ыргытылганын», айылдын бир тургуну ур-токмокко алынганын, андан соң чакан чуу чыгып кеткенин кабарлады.

Соңку он жылда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы аймактарда ар кандай мүнөздөгү 144 чыр-чатак катталып, эки тараптан 200дөн ашуун киши каза тапкан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт, анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек.