Кыргызстанда «Орозо чатыры» ачылат

орозо айт намаз

Кыргызстанда биринчи жолу «Орозо чатыры» ачылат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири «Ыйман» фонду билдирди.

 

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун максаты аз камсыз болгон жарандар жана орозо туткандардын чогулуп отуруусуна чоң мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Бекер ооз ачуу 200 адамга даярдалат. Мындай иш-чара 20-30 июнь аралыгында өткөрүлөт. Мындан тышкары, маданий программалар менен ислам дини тууралуу лекциялар өткөрүлүп, фильмдер көрсөтүлөт.

Аземдин ачылышы дүйшөмбү күнү Арабаев атындагы окуу жайдын аймагында өткөрүлөт.

Комментарий кошуу