Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-август күнү саат 3:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.