«Мадина» базарындагы объекттерди бузуу процесси текшерилди

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.   Калаа башчы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт.   Эске салсак, 2-мартка чейин… Кененирээк…

Кыргызстандык үч балбан Олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдешинин жарым финалына чыгышты.   Белгилеп кетсек, бул мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Олимп оюндарына жолдомо алат.

Кыргызстанга АКШ жана Европадан туристтик поезд келди

Бишкекке бүгүн туристтик поезддин каттамы келди. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 70тен ашык саякатчы Америка жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары.   Быйылкы жылы туристтик поезд муну менен өлкөгө үчүнчү жолу келип жатат.

МИК куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 550 доллардын тегерегинде болот

Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 550 доллардын тегерегинде болот. Бул тууралуу Novosti.kgге  аталган компаниядан билдиришти.   Бул базар баасынан эки эсе арзан, — дешти мекемеден.   Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания учурда Бишкекте көп кабаттуу 39 үйдөн турган “Мурас” деп аталган турак… Кененирээк…

Бишкек – Торугарт трассасында жол белгилери орнотулду

Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.   Белгилер аталган унаа жолдун 137-чакырымынан 154-чакырымына чейинки тилкелеринде орнотулган.   Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн күрөштүн үч түрү боюнча лицензиялык турнир старт алат

Бишкекте бүгүн күрөштүн үч түрү боюнча лицензиялык турнир старт алат. Спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештерге 20 мамлекеттин спортулары катышат, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Кытай, Индия, Катар жана башкалар бар.   Жеңишке жеткендер Парижде жайында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болот. 100 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Курбу айылында жайгашат.   Тендерди жергиликтүү курулуш башкармалыгы жарыялады. Долбоордун сметалык наркы 86 миллион 650 миң сомду түзөт.

Амстердамда овертуризм же туристтердин ашыра көп болушу менен күрөш башталды

Амстердамда овертуризм же туристтердин ашыра көп болушу менен күрөш башталды. Шаарда эми жаңы мейманканаларды курууга уруксат берилбейт. Бир гана эски конок үйү жабылып калса уруксат берилет.   Бийликтен белгилешкендей, Амстердам калаасы биринчи керекте жашоо үчүн ыңгайлуу болушу керек жана туристтер үчүн түзүлгөн шарттар жергиликтүү тургундарга… Кененирээк…

Эртең, 20-апрелден тарта карызы көбөйүп кеткен абоненттерге газ берүү токтотулат

Эртең, 20-апрелден тарта карызы көбөйүп кеткен абоненттерге газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма-сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, газ аралыктан өчүрүлөт. Көгүлтүр от үчүн канча төлөө керектиги жөнүндө маалыматты 4444 кыска номери аркылуу жана gazprom.kg  сайтынан билип алса болот.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда логистикалык борбор ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда логистикалык борбор ачылды. Заманбап соода логистикалык борбор 1 миң 100 тонна азык-түлүк продукциясын сактоого, таңгактоого, тазалоого ылайыкталган.   Ал толук кандуу ишке кирген соң 200 жаңы жумуш орду түзүлөт.