“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады

“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады. “Манас” эл аралык аба майдандын маалыматына ылайык, жаңы курулган аэробекет саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат.   Учуп-конуу залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө бардык шарттары менен жасалган. Ал ички каттамдарды тейлөөгө багытталган. Өткөн жылы сатып алынган Dash-8-400… Кененирээк…

Дагы бир россиялык компания Москвадан Ош шаарына туруктуу каттамдарды кое берүүнү пландап жатат

Дагы бир россиялык компания Москвадан Ош шаарына туруктуу каттамдарды кое берүүнү пландап жатат.   Учуулар күн сайын Внуково аэропортунан аткарылат. Эске салсак, учурда Москвадан Ошко 4 авиакомпаниянын учактары каттайт – экөөсү россиялык, экөө ата мекендик компаниялар.

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Раззаков каттамы токтотулду

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Раззаков каттамы токтотулду. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Ал эми “Ош” аба майданында каттамдар калыбына келтирилди.   Эртең менен коюу туманга байланыштуу түштүк калаа аэропортунда бир тор каттам кармалып турган. Алар Ош – Жуковский, Ош- Санкт-Петербург каттамдары. Ошондой эле Ош аба майданына… Кененирээк…

Кыргызстанда эл аралык жаңы авиакаттамдар ачылышы мүмкүн

«Манас эл аралык аэропорту» ААК аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев эл аралык Qatar Airways авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, жолугушууда эл аралык жаңы авиакаттамдар боюнча тыгыз кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Иш-чарага Qatar Airways авиакомпаниясынын аэропорттор тармагын тейлөө боюнча менеджери Нирадж Мутусвами жана… Кененирээк…

Ушул айдан тарта Кытайдын ордо калаасы менен биринчи жолу түз аба каттамы түзүлөт

Ушул айдан тарта Кытайдын ордо калаасы менен биринчи жолу түз аба каттамы түзүлөт. Пекин – Бишкек – Пекин жаңы каттамы 24-январдан тарта ачылат.   Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинен билдиришкендей,  кытайлык авиакомпания бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аткарат.  Эске салсак,… Кененирээк…

Жалал-Абад аэропортун көчүрүүгө жер тилкеси аныкталды

Жалал-Абад аэропортун көчүрүүгө жер тилкеси аныкталды.   24 агенттигине “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы аэропорт Сузак районуна караштуу Ой-Талаа айылында курулат.   Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды. Жарандык авиация агенттигине жер тилкесинде аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүү тапшырмасы… Кененирээк…

“Манас” аэропорту Кытайдын Чэнду шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды

“Манас” аэропорту Кытайдын Чэнду шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды. Аба майдандын маалыматына ылайык, Бишкекке 67 жүргүнчү келди. Эске салсак, рейстерди кытайлык лоукостер аткарат.   Бул багытта самолеттор жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү учат. Каттам кийинки жылдын 30-мартына чейин аткарылып турат.

Москвадан Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйдү

Москвадан Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйдү.   «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, ата мекендик авиа компания  5-декабрдан тарта Москва — Ош багыты боюнча шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү каттай баштады.   Ал эми 9-декабрдан баштап Москвадан Бишкекке дүйшөмбү, шаршемби, ишемби күндөрү учса болот.

Кыргызстанда Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы  түз каттамдарды ачуу пландалууда

Кыргызстанда Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы  түз каттамдарды ачуу пландалууда.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун коммерциялык директору Тимур Аралбаев билдирди. Анын айтымында, октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх – Бишкек жана  Нячанг – Бишкек сезондук рейстери кое берилет.   Андан тышкары, Ош – Ташкент, Ош… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы аэропорт пайда болот

Жалал-Абадда жаңы аэропорт пайда болот. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда жер тилкесин бөлүү суроосу чечилип жатат.   Жаңы аэробекетти куруу зарылчылыгы Жалал-Абад облусунун калкы арасында аба каттамдарга суроо-талап курч болгонуна байланыштуу келип чыкты. Ал эми учурдагы аэропортто жумасына 9 рейс аткарылат.