Кыргызстанда алгачкы кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар расмий иштей баштады.   Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү бала бакчанын биринчиси Чүй облусунун Москва районунда ачылды. Бул жер эртең менен же түштөн кийин келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган. Жалпысынан Москва… Кененирээк…

Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окутуулар өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Ага 820 тарбиячы катышты.   Адистердин көбү жакын арада бала бакчаларда иштей баштаса, калгандары балдарды өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгүнө тартылат. Мугалимдерди даярдоонун экинчи этабы май жана… Кененирээк…

12 жылдык билим берүүгө байланыштуу жол картасы иштелип чыгат

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу системасына өтүүгө байланыштуу жол картасын иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, негизги максат – дүйнөлүк билим берүү системасынын деңгээлине туура келүү.   Бириккен Улуттар Уюумунун 193 өлкөсүнүн 150сүндө 12 жылдык билим… Кененирээк…

«Билим Бишкек» инновациялык борборун ачуу боюнча келишимге кол коюлду

Бишкекте «Билим Бишкек» инновациялык борборун ачуу боюнча төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, директор Рахат Керимбаева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Түркиянын Технологиялык команда фонду жана Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги… Кененирээк…

Бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест тапшырууга милдеттендирилди

Бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест тапшырууга милдеттендирилди. Ал жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында өткөрүлө турганын Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   “Тестке кошумча болуп, милдеттүү тест кыргыз тили боюнча кирип жатат. Бул Билим берүү министрлигинин буйругу боюнча киргизилген иш чара.… Кененирээк…

Таластын Бакай-Ата районунда үч мектеп курулууда

Таластын Бакай-Ата районунда үч мектеп курулууда. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, Миң-Булак айылындагы 375 орундуу мектеп май айында ачылат. Шадыкан айыл өкмөтүндөгү билим уясы да ушунча орунга чакталган. Ал Нооруз майрамына карата пайдаланууга берилет. Өзгөрүш айылындагы 275 орунга ылайыкталган мектеп… Кененирээк…

Быйыл билим берүүгө бюджеттен дээрлик 66 млрд сом жумшалат

Быйыл билим берүүгө бюджеттен дээрлик 66 млрд сом жумшалат. Каржы министрлиги билдиргендей, өлкөдө студенттердин саны көбөйгөндүктөн, билим берүүгө чыгымдар да жыл сайын өсүп жатат.   Каражат негизинен билим берүү системасын санариптештирүүгө, окуу китептери менен камсыз кылууга сарпталат.

Кыргызстанда бала бакчаларда ваучердик каржылоо киргизилет

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта бала бакчаларда ваучердик каржылоо киргизилет. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, пилоттук режимдин алкагында өкмөт мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик эле эмес, жеке менчик бала бакчаларда да каржылайт.   Ваучердик каржылоо системасына ылайык ар бир окуучуга кеткен минималдык же базалык чыгымдар эсептелип,… Кененирээк…

Базар-Коргондо 83 млн сомдон ашык акчага бала бакча курулат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 75 орундуу бала бакча куруу планладууда.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 83 млн… Кененирээк…

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы 100 мектепти компьютердик класстар менен жабдыды

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы 100 мектепти компьютердик класстар менен жабдыды. Техникалар Япония өкмөтү тарабынан каржыланган сапаттуу билим берүү долбоорунун алкагында берилди.   Программа Бишкек, Ош шаарларындагы жана өлкөнүн аймактарындагы жаңы конуштардын мектептерин камтыды. Долбоорго дээрлик 650 миң доллар сарпталган.