Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.   Анын айтымында, Баракта 980 киши жашайт жана  97 үй-бүлөнүн турак жайы, социалдык мекемелер бар. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 58 кызматкери социалдык объектилерди бузуу иштерин жүргүзүп… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-кытай чек арасы штаттык режимде иштеп жатат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү кечээ жабык болду.   Бүгүнтөн тарта  кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр кадимки тартипте өткөрүлүүдө.

Кыргыз-кытай чек арасы бүгүн жабык болот

Кыргыз-кытай чек арасы бүгүн жабык болот. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү бүгүн, 4-апрелде чектелет.   Эртеңден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү 4-апрелде чектелет.   5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28 чакырымын макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.   Маалыматка караганда, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу 24-марттан 29-мартка чейин Баткен облусунда болгон. Кийинки ирет тараптар Тажикстандын аймагында жолугуп, калган участокторду такташат.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу башталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун жолугушуусу Баткенде 25-мартта башталганын жергиликтүү бийликтен «Азаттыкка» ырасташты. Жолугушуу бир аптага созулмакчы. Буга чейинки сүйлөшүүлөр өткөн аптада Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Тараптар дагы 11 чакырымга жакын чек ара сызыгы боюнча мунаса… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы дээрлик 11 чакырым тилкесин макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы дээрлик 11 чакырым тилкесин макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү өттү.   Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот.  … Кененирээк…

Кыргызстан жана Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасын демарциялоо суроолорун талкуулады

Кыргызстан жана Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасын демарциялоо суроолорун талкуулады. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, делегациялар 4-8-март аралыгында Ошто жолукту.   Эки тарап өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып,  2024-жылга жолугушуулардын графигин түздү.   Андан тышкары, карта түзүү суроосу көтөрүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстан аймагында өтөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” убактылуу жабылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” убактылуу жабылды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, күндүзгү саат 2ге чейин аталган пункт аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт.   Бул байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.  Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө эртең, 6-мартта убактылуу чектөөлөр киргизилет

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө эртең, 6-мартта убактылуу чектөөлөр киргизилет.   УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 2ге чейин аталган пункт аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт.   Бул убакыт аралыгында кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол”, “Токмок”, “Кең-Булуң”,… Кененирээк…