Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат

Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чечим акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен кабыл алынды.   Эске салсак, Кыргызстанда эртең Орозо айт майрамы белгиленет. Орозо айт Рамазан айынын аякташын билдирет.

Битир садаганы орзо аяктаганга чейин берүү керек

Битир садаганы орзо аяктаганга чейин берүү керек.   Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан эскертишти. орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга   1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.   Бул базар баасы менен алганда бир адамга 50 сомдон эсептелет. Буудайдан тышкары ун, мейиз, арпа, курманын баасы… Кененирээк…

Ош шаарында Айт намазы борбордук аянтта окулат

Ош шаарында Айт намазы борбордук аянтта окулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Айт намаз таңкы саат 07:30да башталат.   Эске салсак, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Абибилла Кадырбердиев Ош облусунун казысы болуп дайындалды

Абибилла Кадырбердиев Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.   Жаңы дайындалган казыны жамаатка муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев тааныштырды.   Абибилла Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн белгиленет

Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн белгиленет. Мусулмандардын дин башкармалыгынан  билдиришкендей, адатта Кадыр түн орозо башталгандан кийин 27инчи түндө тосулат.   Аны тоскондор таң атканга чейин уктабастан, жакшылык тилешет. Муфтияттан белгилешкендей, ооз жабууга чейин уктабай отуруу – жетиштүү. Ал эми Орозо айт 10-апрелде белгиленет.

Кыргызстанда Орозо айттын так датасы айтылды

Кыргызстанда Орозо айттын так датасы айтылды. Муфтияттан кабарлашкандай майрам 10-апрелге белгиленди. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.   Ал эми Кадыр түн 5нен 6-апрелге караган түнү белгиленет.   Эске салсак, Кыргызстанда Орозо 11-мартта башталган.

Ажылыкка барууну пландагандагандар үчүн акча төлөө мөөнөтү узартылды

Ажылык сапарга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн акча төлөө мөөнөтү 14-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.   Буга чейин зыяратчылар банкка 2 миң доллар төлөшсө, эми калган 1 миң 750 долларды төгүшү керек.   Муфтият шартка ылайык сумманы төлөөгө үлгүрбөгөндөр ажылыкка баруу үчүн электрондук кезектен… Кененирээк…

Быйыл битир садага 50 сомдон башталат

Быйыл битир садага 50 сомдон башталат.   Мусулмандардын дин башкармалыгынан эскертишкендей, орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга   1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Бул базар баасы менен алганда бир адамга 50 сомдон эсептелет.   Буудайдан тышкары ун, мейиз, арпа, курманын баасы менен берсе болот.… Кененирээк…

Кыргызстанда Орозо 11-март күнү башталат

Кыргызстанда Орозо 11-март күнү башталат. Novosti.kgге Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдиргендей, 10-мартта өлкө аймагында бардык мечиттерде таравих намазы окулат.   Ал эми 10-апрель Орозо айттын биринчи күнү деп эсептелинди.   Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Ал Айт майрамы менен жыйынтыкталат.