Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат

Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат. Маалыматка ылайык, 100 мегаваттык станцияны куруу долбоору “Росатом” компаниясы тарабынан ишке ашат.   Ушул жылдын февралында компания эксперименталдуу түрдө шамалдын кубаттуулугун текшерүүчү жабдуу орноткон. Кубаттуулукту ченөө иштери толук бир жылга, 2025-жылдын февраль айына чейин… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында 24 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Жалал-Абад шаарында 24 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришти.   Компаниядан белгилешкендей, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн карызы  бар абоненттерди аралыктан эле жарыктан өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.   Ошондой эле электр кубаттуулугу ашыра колдонулса, автоматтык түрдө өчүрүлөт.

Балыкчы шаарында күн электр станциясынын курулушу башталды

Балыкчы шаарында күн электр станциясынын курулушу башталды.   Бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти. Курулушка капсула салуу аземи бүгүн өттү. Ишке киргенден кийин станция 400 мегватт электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.   Долбоорго 400 миллион доллар инвестиция салынды. Курулуштун жүрүшүндө 1 миң 600 адам жумуш орду… Кененирээк…

Оштогу Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат. Тиешелүү макулдашууга кытай тарап менен кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, гидроэлектростанция 20-25 МВттык болот. Инвестициялык долбоордун суммасы 27 миллион долларды түзөт.

Кемин районунда 14,5 чакырым изоляцияланган аба чубалгысы тартылып,  857 электр мамысы алмаштырылат

Кемин районунда 14,5 чакырым изоляцияланган аба чубалгысы тартылып,  857 электр мамысы алмаштырылат.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, күз-кыш мезгилине карата даярдоо иштеринин алкагында 73 трансформатор оңдолуп, 368 көмөк чордон жана 42 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.   Буга байланыштуу пландык оңдоо иштеринин жүрүшүндө электр энергиясын… Кененирээк…

Ордо калаада “Бишкек сельмаш” буу казаны толугу менен реконструкцияланып, жаңы ЖЭБке айланат

Ордо калаада “Бишкек сельмаш” буу казаны толугу менен реконструкцияланып, жаңы ЖЭБке айланат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, бул долбоор бийлик тарабынан өткөн жылдан бери каралып, 2024-жылы гана тиешелүү келишимдер жетишилди. Жаңы жылуулук-энерго борборунун кубаттуулугу электр өндүрүү боюнча 100… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 кичи ГЭСтин курулушу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 кичи ГЭСтин курулушу жүрүүдө.   Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине райондук администрациядан билдиришти. Объектилер Турген, Ак-Суу каналдарында жана Боз-Учук айыл аймагындагы пайда болот.   Гидроэлектр станциялар жылдын үчүнчү кварталында колдонууга берилет деп пландалууда.

Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөн

Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөн. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, алардын сегизи чакан ГЭСтерден өздөрү түзгөн келишим менен электр жарыгын алат. Бул 25 миллион 100 киловатт саатты түзөт.   Калган компаниялар батирлерге катталган. Алар электр энергиясын колдонушпайт, деди министр.

Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши менен керектөө теңелди

Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши менен керектөө теңелди.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Учурга карата суунун агып келиши дагы, керектөөсү дагы секундасына 331 кубометрге барабар болууда.   Ал эми башкы резервуардагы нымдуулуктун жалпы көлөмү 7 миллиард 276 миллион куб метрди түзөт. Өлкөнүн… Кененирээк…

Жылуулук борборлору, отканалар жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүү боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу ал 3-апрелде «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын реформалоого боюнча кеңешмеде айтты.   Президент көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, чоң жоготуулар болуп жатканын,… Кененирээк…