Урматтуу Кыргызстандыктар, жаңы 2022-жылыңыздар менен! 

Урматтуу novosti.kgсайтынын окурмандары барыңыздарды жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктайбыз! Жолборс жылында күчтүүлүктү, сабырдуулукту, жаңы идеяларды, үй-бүлөлүк бакытты жана түгөнбөс энергия каалайбыз. Жыйынтыкталып жаткан жыл өлкө үчүн маанилүү саясий процесстер менен эсте калды. Кийинки жылы дагы өлкөдө тынчтык, биримдик жана бакубаттуулук саткалсын. Биз менен ар дайым бирге… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында мэрдин жаны жылдык балатысы өттү

Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” атындагы театрда мэрдин жаны жылдык балатысы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты. Мэрдин балаты майрамында мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, камкорчуларынан ажыраган жана окууда ийгилик жараткан… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте мэр балатысы өтөт

Бүгүн Бишкекте мэр балатысы өтөт. Ага 1 миң бала чакырылат. Майрамга жетим балдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун отличниктери, олимпиаданын жеңүүчүлөрү келет. Аларга Аяз Атанын жана Аяз кыздын катышуусу менен концерт уюштурулуп, таттуу белектер тапшырылат.

Жаңы жылдык башкы балаты 17-декабрда жандырылат

Жаңы жылдык башкы балаты 17-декабрда жандырылат. Мэриядан билдиришкендей, учурда Ала-Тоо аянтына орнотулуп жаткан кыш сулуусун жасалгалоо иштери аяктап калды. Борбордук аянт инсталяциялар, кичи балатылар, кар бүртүкчөлөрү, шарлар жана чырактар менен кооздолду. Андан тышкары, ордо калаанын борбордук көчөлөрүнө жаңы жылдык атрибуттар илинүүдө. Бишкекти жаңы жылга жасалгалоо… Кененирээк…

Каракол шаарында дагы жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Каракол шаарында дагы жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Борбордук аянтта бийиктиги 21 метр болгон кыш сулуусу пайда болот. аны орнотуу иштери менен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери алектенишүүдө. Бул балаты 2017-жылы 1 миллион сомго жергиликтүү бюджеттин эсбенинен сатып алынган.

Ош шаарында жаңы жыл түнү майрамдык салют аттырылат

Ош шаарында жаңы жыл түнү майрамдык салют аттырылат. Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, фейерверк чыгымдарын жергиликтүү демөөрчүлөр каржылайт. 31-декабрда башкы аянтта аяз ата жана аяз кыз майрамдык маанай тартуулайт, кезеги менен концерттик программа өтөт. Анда Оштун жогорку окуу жайларынын студеттери, искусство мектептеринин окуучулары, маданият кызматкерлери… Кененирээк…

Ош шаарында дагы мэрдин балатысы салттуу форматта өтөт

Ош шаарында дагы мэрдин балатысы салттуу форматта өтөт. Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, майрамдык иш-чара 27-декабрга белгиленди. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылат. Андан тышкары, окуунун отличниктери жана активисттери келет. Жалпысынан мэрдин балатысына 600 бала чакырылат. Балаты майрамы Ош облустук драм театрда… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 5 балаты орнотулат

Бишкекте быйыл 5 балаты орнотулат. Мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдын башкы символу учурда Ала-Тоо аянтында тургузулууда. Андан тышкары, дагы 4 балаты райондук акимиаттардын алдында пайда болот. Кыш сулуусун жасалгалоо иштери менен жергиликтүү администрация алектенет. Мэриядан белгилешкендей, ордо калааны жаңы жалыга карата кооздоо иштери декабрдын ортосуна чейин… Кененирээк…

Бишкек мэринин балатысы быйыл салттуу форматта өтөт

Бишкек мэринин балатысы быйыл салттуу форматта өтөт. Болжолдуу өтүү датасы – 24-декабрь. novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, иш-чарага 1 миң бала чакырылат. Алар жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле активисттер, окуунун отличниктери жана олимпиада жеңүүчүлөрү. Балдарга алгач филармонияда майрамдык шоу-программа уюштурулат, андан кийин… Кененирээк…

Ош шаарында дагы башкы балаты орнотула баштады

Ош шаарында дагы башкы балаты орнотула баштады. Мэриядан билдиришкендей, быйыл балатынын жасалгасына жана аянтты майрамдык жасалгалоого өзгөчө көңүл бурулат. Кыш сулуусунун бийиктиги 31 метрди түзөт. Анын жанына жолборстун элеси чагылдырылат. Планга ылайык, жасалгалоо иштери 10-декабрда аяктайт. Жаңы жылдык иш-чараларга жалпысынан 2 миллион 400 миң сом… Кененирээк…