«Кичи-Капка» жана «Камышановка» өткөрмө бекеттеринин иши жанданат

Кыргыз-казак чек арасындагы «Кичи-Капка» жана «Камышановка» өткөрмө бекеттеринин иши жанданат. Бул боюнча тиешелүү макулдашуу кабыл алынганы Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берген брифингде белгилүү болду.   Талас жана Чүйдөгү чек ара бекеттеринин ачылышы эки тараптуу… Кененирээк…

«Мадина» базарындагы объекттерди бузуу процесси текшерилди

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.   Калаа башчы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт.   Эске салсак, 2-мартка чейин… Кененирээк…

Кыргызстанга АКШ жана Европадан туристтик поезд келди

Бүгүн Бишкекке туристтик поезддин каттамы келди. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 70тен ашык саякатчы Америка жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары.   Быйылкы жылы туристтик поезд муну менен өлкөгө үчүнчү жолу келип жатат.

МИК куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 550 доллардын тегерегинде болот

Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 550 доллардын тегерегинде болот. Бул тууралуу Novosti.kgге  аталган компаниядан билдиришти.   Бул базар баасынан эки эсе арзан, — дешти мекемеден.   Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания учурда Бишкекте көп кабаттуу 39 үйдөн турган “Мурас” деп аталган турак… Кененирээк…

Бишкек – Торугарт трассасында жол белгилери орнотулду

Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.   Белгилер аталган унаа жолдун 137-чакырымынан 154-чакырымына чейинки тилкелеринде орнотулган.   Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында… Кененирээк…

Эртең, 20-апрелден тарта карызы көбөйүп кеткен абоненттерге газ берүү токтотулат

Эртең, 20-апрелден тарта карызы көбөйүп кеткен абоненттерге газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма-сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, газ аралыктан өчүрүлөт. Көгүлтүр от үчүн канча төлөө керектиги жөнүндө маалыматты 4444 кыска номери аркылуу жана gazprom.kg  сайтынан билип алса болот.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда логистикалык борбор ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда логистикалык борбор ачылды. Заманбап соода логистикалык борбор 1 миң 100 тонна азык-түлүк продукциясын сактоого, таңгактоого, тазалоого ылайыкталган.   Ал толук кандуу ишке кирген соң 200 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши жигердүү уланууда.   ӨКМден билдиришкендей, суучулдар учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.   Белгилей кетсек Ысык-Көлдү… Кененирээк…

Бишкекте Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрө курулат

Бишкекте Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрө курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Транспорт департаменти көпүрө курууга 128 миллион 687 миң сом багыттайт.   Объект дарыянын Жибек Жолу проспектиндеги тилкесинде жылдын аягына чейин салынат. Белгилеп кетсек, бул жерде көпүрө бар, бирок мэрия аны кеңейтүү… Кененирээк…

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши уланууда. ӨКМден билдиришкендей, суучулдар учурда Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.   Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши Садыр… Кененирээк…