Ысык-Көлдө жолдорду оңдоо иштери туристтик сезондун башталышына чейин, май айында жыйынтыкталат

Ысык-Көлдө жолдорду оңдоо иштери туристтик сезондун башталышына чейин, май айында жыйынтыкталат. Буга Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев ишендирүүдө.   Ал белгилегендей, өткөн жылы айрым тилкелерде ремонт аягына чыкпай, 13 чакырымдай калган. Майдын аягына чейин иштерди толугу менен бүтүрүү пландалууда. Ал эми Чолпон-Ата… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолунун 426-чакырымында таштар түштү

Бишкек – Ош жолунун 426-чакырымында таштар түштү.   Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, трасса бир тарапка жабылды. Учурда жеринде атайын техника тартылып, таштарды тазалоо иштери жүрүп жатат.   Андан тышкары, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап жатат, бул багытта сапарга чыга турган айдоочуларга жанында… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, кооптуу таштарды кулатуу иштери бүгүнтөн тарта 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында жүргүзүлөт.   Андан улам трасса эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жабылып… Кененирээк…

Баткендин эң алыскы айылы Зардалыга барчу жол кийинки жылы курулат

Баткендин эң алыскы айылы Зардалыга барчу жол кийинки жылы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, учурда долбоор даярдалып жатат. Ал кийинки жылдын бюджетине киргизилип, курулуш иштери жазда башталат.   Жол асканын бооруна салынгандыктан, бир тилкелүү болот. Алдыдан транспорт чыгып калса, аны… Кененирээк…

Бишкекте Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды

Бишкекте Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, быйыл ордо калаада 3 жаңы көчө пайда болуп, алар Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин байланыштырат.   Алардын бири темир жол аркылуу Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрүн бириктирет. Трасса Аламүдүн дарыясын бойлоп өтөт.   Шүкүров көчөсү менен ал Лев… Кененирээк…

Кыргызстанда соңку 3 жылда 2 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда соңку 3 жылда 2 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, курулуш-оңдоо иштерине жалпысынан 14,5 миллиард сом каралган.   Бул каражатка 660 чакырым трасса оңдолот деп пландалууда.

Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу унаа кыймылына ачык

Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу унаа кыймылына ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Эске салсак, трассанын 50-80-чакырымдары өткөн жылдын ноябрь айында аба-ырайынын катаал шарттарынан улам жабылган болчу.   Кар күрткүлөрүн жана көчкүлөрдү тазалагандан кийин, унаа жолу 1-апрелде кыймылга ачылды.

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, трассанын 50-80-чакырымдары өткөн жылдын ноябрь айында аба-ырайынын катаал шарттарын эске алуу менен жабылган болчу.   Учурда жеринде жолчулар иштеп, кар күрткүлөрүн жана көчкүлөрдү тазалап, унаа… Кененирээк…

Бишкекте 3 көчөнү узартуу үчүн даярдык иштерин жүргүзүү уланууда

Бишкекте 3 көчөнү узартуу үчүн даярдык иштерин жүргүзүү уланууда. Мэриядан билдиришкендей, Фучик, Бакаев жана Сүйүнбаев көчөлөрү эми Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин бириктирет.   Бул үчүн алар Лев Толстойго темир жол аркылуу чыгарылат. Муну менен алар 7-апрель, Абдрахманов көчөлөрүнө жана Айтматов проспектисине альтернативалык вариант… Кененирээк…

Балыкчы — Барскоон жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт

Балыкчы — Барскоон жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.   Маалыматка ылайык, курулушту эки жеке компания менен “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.   Андан тышкары, учурда Барскоон — Каракол жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Балыкчы — Барскоон… Кененирээк…