1-апрелден тарта бардык мугалимдердин айлыгы 100% жогорулайт

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайыз жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, айлык акыны көбөйтүү билим берүү тармагынын кызматкерлеринин баарына тиешелүү болот.

 

Министрлик ошондой эле айлык акыны жогорулатуу — педагогдордун макамын көтөрүүгө жана алардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун баалоого багытталганын белгиледи.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.