1-июлдан тарта “Бала ырысы” пособиесин алууга арызды “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн тапшырса болот

1-июлдан тарта “Бала ырысы” пособиесин алууга арызды “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн тапшырса болот.

 

Буга чейин маалымкаттарды чогултуп, социалдык коргоо органдарына алып баруу керек болсо, эми бардык процесс бир нече мүнөттү талап кылат.

 

Ал үчүн тиркемеден каттоодон өтүп, маалыматты толтуруп, персоналдык маалыматты иштеп чыгууга макулдук берүү жетиштүү, система өз алдынча бардык керектүү иштерди аткарат. Башкы шарты — ата-эне менен баласы бир даректе каттоодо турушу керек. Эске салсак, пособие ай сайын баланын банктык эсебине 1 миң 200 сом өлчөмүдө түшүп турат.