1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Президенттин жарлыгына ылайык, офицердик курамдын айлыгы 25 пайызга көтөрүлөт. Ал эми октябрь айында калган кызматкерлердин жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгын көтөрүү пландалууда, — деди чиновник.



