1-июлдан тарта жүргүнчү ташуунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ири рейддер жүргүзүлөт

1-июлдан тарта жүргүнчү ташуунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ири рейддер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Инспекторлор такси айдоочусунан айдоочулук күбөлүгүн, техпаспортун, ОСАГО полисин, инструктаж баракчасын жана лицензиясын текшерет. Иш-чаранын максаты — тиешелүү документи жок жүргүнчү ташыган такси айдоочуларын аныктоо болуп саналат. Мыйзам чегинде таксиде иштеп, жүргүнчү ташуу үчүн лицензия алуу зарыл.

 

Анын баасы бир жылга физикалык жактарга 500 сом, компанияларга 1 миң сомду түзөт. Аны банктардын тиркемелери же “Түндүк” аркылуу онлайн каттап алса болот.