1-майдан тарта эски үлгүдөгү долларды алмаштырууда комиссия алынат

Кыргызстанда 1-майдан тарта эски үлгүдөгү долларды алмаштырууда комиссия алынат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, мында 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары тууралуу сөз болууда.

 

Акча төлөм каражаты катары статусун жоготпогону белгиленген. Бирок комиссиянын суммасы такталган жок.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.