1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат. Тиешелүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго жетпегендердики 1,10 коэффициент менен индексациялант, бирок 600 сомдон кем эмес болот. Ал эми 50 миң сомдон жогору болсо 5 миң сомдон ашпашы керек.
Ал үчүн болжол менен 2 миллиард сомдон ашык каражат керектелет. Ошондой эле пенсия, Конституцияда көрсөтүлгөндөй, жашоо минимумунан, тактап айтканда 7 миң 100 сомдон төмөн болбошу керектиги жазылган.



