1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар индексацияланып, пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 миң 800 сомго чейин жогорулатылат

1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар индексацияланып, пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 миң 800 сомго чейин жогорулатылат.

 

Камсыздандыруу бөлүгүнө 20 пайыздык коэффициент колдонулуп, жогорулатуу 1 миң сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашпайт.

 

Натыйжада пенсиянын орточо өлчөмү 12 миң 898 сомго жетери күтүлүүдө. Индексация 832 миңден ашык пенсионерди камтыйт, бул максатка Социалдык фонддун каражатынан дээрлик 4,5 миллиард сом каралган.