1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт

1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койду.

 

Ага ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди.

 

Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди.