1-сентябрдан тарта медициналык китепче электрондук форматка өткөрүлөт

1-сентябрдан тарта медициналык китепче электрондук форматка өткөрүлөт. Министрлер кабинети кабыл алган токтом менен милдеттүү медициналык кароодон өтүү эрежелери да өзгөртүлдү.

 

Ага ылайык, милдеттүү медициналык кароодогу лабораториялык изилдөөнүн жана функционалдык кароонун жыйынтыктары саламаттыкты сактоонун мамлекеттик санарип системасында электрондук форматта түзүлөт, сакталат жана тиешелүү тарапка жиберилет.

 

Анын негизинде электрондук медициналык китепче түзүлөт.