1-сентябрдан тартып чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу токтотулат

1-сентябрдан тартып чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу токтотулат. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын  31-декабрына чейин Кыргызстанга киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн унаалар гана легалдаштырылат.

 

Мыйзамдаштырылган машинелерди сатууга, белекке берүүгө же башка адамга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

 

Аларды катталган ээси гана башкара алат. Министрлик жарандарды мыйзамдаштырылбаган чет өлкөлүк номерлүү унааларды сатып албоого чакырды.