Кыргызстанда 10-февралдан тарта мамлекеттик автомектептерге жарандарды онлайн кабыл алуу башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы маалымдады.
Арыздарды кабыл алуу avtomektep.srs.kg сайты аркылуу электрондук форматта гана жүргүзүлөт.
Катталуу үчүн колдонуучулар жеке маалыматтарын көрсөтүп, аймакты жана айдоочулук күбөлүктүн керектүү категориясын тандашы керек. Система арыз ээлерин тандаган аймактардагы окуу жайларга автоматтык түрдө бөлүштүрөт.
Курсанттар үчүн теориялык бөлүгүн аралыктан окуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



