10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт

10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до башталат.

 

Оюндун калыстар тобун сингапурлук ФИФА калысы Мухаммад Бин Жахари жетектейт. Жолугушуу 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.