118 чалуу борборунун иш тартиби өзгөрдү.
Эми ковид боюнча кеп-кеңеш берүүчү ыкчам линия жарандарга күнү-түнү кызмат
көрсөтөт, -деп билдирди вице-мэр Айжан Чыныбаева. Чалуу борбору райондук
биргелешкен үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун базасында иштейт.
Эске салсак, жыл башынан бери 118 ыкчам линиясына 12 миңден ашык жаран
жардам сурап кайрылган. Анын 7 миңге жакыны ковидге шектүү катары катталган.