12 айыл чарба кооперативи жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинен билдиришкендей, каражат “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоорунун алкагында берилүүдө. Жалпы берилген каражат 79 миллион сомду түздү.
Программа бириккен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого жана кичи товар өндүрүшүн бекемдөөгө багытталат. Жалпы насыялоонун көлөмү 2 миллиард сомдон ашат.



