12 жылдык окууга өтүүнүн алкагында 5-класстын окуучулары интеграцияланган программаны аяктап, дароо 7-класска көчүшөт

12 жылдык окууга өтүүнүн алкагында 5-класстын окуучулары интеграцияланган программаны аяктап, дароо 7-класска көчүшөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

 

Ошондой эле азыркы 6-класстын окуучулары дагы 7-класска өтөт.

 

Андан улам кийинки окуу жылында 7-класстардын саны көбөйөт. Азыркы 4-классты бүткөндөр 5-класстан баштап 12 жылдыктын программасы менен окушат. 1 жана 2-класстын окуучулары жаңы 12 жылдык система менен окуусун улантат. Ал эми  8-10-класстын окуучулары мурдагы 11 жылдык программа боюнча билим ала беришет.