15-июлда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-июлда саат 09:00дөн 24:00гө чейин
— Фрунзе көчөсү — Жибек жолу проспектиси — Абдрахманов көчөсү — Ибраимов көчөсү;
— Фрунзе көчөсү — Жумабек көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Ибраимов көчөсү менен чектелген аймактарда суу болбойт.
Суу Кировская скважинасындагы аварияны жоюуга байланыштуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.



