15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга турист катары  30 күнгө чейин визасыз бара алышат

15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга турист катары  30 күнгө чейин визасыз бара алышат.

 

Тышкы иштер министрлиги түшүндүргөндөй, аба же кургактагы транспорт менен каттаган жарандар бул визасыз режимди бир календардык жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес колдоно алышат.

 

Өлкөгө кирүү үчүн бир нече талаптар бар, алсак мөөнөтү бүтөрүнө кеминде алты ай калган жана жок дегенде эки бош бети бар Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту, кайра кайтуу билети же үчүнчү өлкөгө учуу билети, Таиландда жашай турган жайдын тастыктамасы болушу керек. Таиландга баргандардын баары чек ара көзөмөлүнөн өтөт.