20-июлда Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалы башталат. Ар бир сынактык күн Кыргызстандын жана чет элдик жылдыздардын концерти менен коштолот.
Фестивалга 25 мамлекеттен мыкты аткаруучулар катышат. “Мейкин Азия” фестивалы жаш таланттарга жол ачып, креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө салым кошуп, кыргыз маданиятын жайылтууга шарт түзөт. Фестиваль 22-июлга чейин созулат.



