20-марттан 22сине чейин Кыргызстандын ички иштер органдары кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

20-марттан 22сине чейин Кыргызстандын ички иштер органдары кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чара Орозо айт жана Нооруз майрамдарына карата коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынды. Коомдук жайлар, мечиттердин айланасы, аянттар жана башка эл көп чогулган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Жалпысынан коомдук тартипти сактоого 12 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.