Испаниялык диетолог Энкарни Перес эркектин тестостерон гормонун көбөйтө турган беш азыкты атады

Испаниялык диетолог Энкарни Перес эркектин тестостерон гормонун көбөйтө турган беш азыкты атады. Жумуртка, сарымсак, авокадо, жаңгак жана брокколини күнүмдүк рационго кошуу зарыл. Ал эми организмде тестостерон жетиштүү деңгээлде болсо эркек көп оорулардан алыс болот. Ошондой эле бул гормон эркектин толуп кетпей, салмагын туруктуу кармап туруусуна… Кененирээк…

Бишкектеги имараттардын жаңы жылдык жасалгасына акчалай сыйлык ыйгарылат.

Бишкектеги имараттардын жаңы жылдык жасалгасына акчалай сыйлык ыйгарылат. Алдыңкы 3 орунга 60 миң сомго чейин берилет. Мындай чараны ишке ашырууга мэрия сынак жарыялайт. Конкурска райондук администрация, министрликтер, мекемелер, жеке ишканалар жана башка объектилер катыша алат. Маалыматка ылайык, сынак жаңы жылдык маанайды тартуулоо жана ордо калааны… Кененирээк…

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга Япония элчилиги үн жана жарык бере турган аппараттарды тапшырды

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга Япония элчилиги үн жана жарык бере турган аппараттарды тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси жана маданият министри Азамат Жаманкулов катышты. Яапон элчилиги билдиргендей, жабдуулар гранттык негизде берилүүдө. Анын жалпы суммасы 89 миң долларды түзөт.

Декабрдын башында көмүр арзандады

Декабрдын башында көмүр арзандады. Ушул айдын биринчи жумасында көмүргө болгон орточо баа өткөн айга салыштырмалуу бир тонна үчүн 81 сомго же 1,7 пайызга төмөндөдү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды. Өтүп бара жаткан аптада көмүргө болгон эң жогорку баалар Кара-Сууда тоннасы 8 миң 124… Кененирээк…

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Свердлов райондук соту чыгарды. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт. Кошумчаласак, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин… Кененирээк…

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулду

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулду. Бул тууралуу Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билиришти. Маалыматка караганда, 2 кабаттуу мектепке чейинки тарбиялоо имаратынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 45 миллион сом сарпталды. Учурда курулуш иштердин соңку этабы уланууда, жакынкы арада бала бакча пайдаланууга берилет.

Чүй жана Жалал-Абадда 72 кызматтык батир берилет

Чүй жана Жалал-Абадда 72 кызматтык батир берилет. Бул долбоор Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечүү багытында ишке ашууда. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азыркы учурда кызматтык турак жай менен 878 аскер кызматкери камсыздалды. Ушул жылдын аягына чейин дагы Чүй облусунун Ново-Покровка… Кененирээк…

Бишкектин жаңы конуштарындагы 404 баланын күбөлүгү жок

Бишкектин жаңы конуштарындагы 404 баланын күбөлүгү жок. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү ордо калаадагы 8 жаңы конушта тактоо иштерин жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында 404 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени белгилүү болду. Министрлик балдарды документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында ушул жылдын аягына чейин балдарга керектүү… Кененирээк…

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылды

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Свердлов райондук соту чыгарды. Андан тышкары мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт, — деп өкүмдө айтылды. Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча… Кененирээк…