Бишкекте мыкты жаңы жылдык жасалгалоо боюнча сынактын жыйынтыгы январда чыгарылат

Бишкекте мыкты жаңы жылдык жасалгалоо боюнча сынактын жыйынтыгы январда чыгарылат. Белгилеп кетсек, сынакка райондук администрациялар, министрликтер, соода борборлору жана турак-жайлар катыша алат. Мыкты кылып жасалгалагандарга акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы.   Белгилеп кетсек, сынак жыл сайын Жаңы жылдын алдында жарыяланып келет. Бул шаарга өзгөчө майрамдык шаң жана… Кененирээк…

Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт

Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.   Ал белгилегендей, экспорт CASA-1000 долбоорунун алкагында ишке ашат. Анын алкагында 15 жылда 23 миллиард киловатт-саат энергия сатылышы керек. Эске салсак,… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү эртең газы жок калат

Бишкектин бир бөлүгү эртең газы жок калат. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, көгүлтүр от 10-декабрдан 13-декабрга чейин Чуйков, Үмөталиев, Шевченко көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жана Көк-Жар айылында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жаңы жылдык тирүү балатыны канчага сатып алса болорун агрономдор айтып берди

Жаңы жылдык тирүү балатыны канчага сатып алса болорун агрономдор айтып берди. “Бишкек жашыл чарба” ишканасынан билдиришкендей, баалар акыркы                 3 жылдан бери дээрлик өзгөргөн жок.   Маселен, 1 метрден бийик эмес Тянь-Шань балатысын 1 миң 200 сомдон, 2 метрге чейин 3 миң сомго сатып алса болот.… Кененирээк…

Бишкекте ЖЭБ-2ни куруу 200 миллион долларга айланат

  Бишкекте ЖЭБ-2ни куруу 200 миллион долларга айланат. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаровдун айтымында, ордо калаада активдүү түрдө жаңы үйлөр курулуп жаткандыктан, жаңы ЖЭБди куруу маселесине кайрылуу зарылчылыгы жаралды.   Программаны ишке ашыруу үчүн бийлик инвесторлорду издеп жатат. Назаров белгилегендей, экологияны сактоо максатында, ЖЭБ-2 газ… Кененирээк…

“Кумтөр” кенинин жоголгон кызматкерлери дагы эле табыла элек

“Кумтөр” кенинин жоголгон кызматкерлери дагы эле табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде куткаруу операциясы уланууда. Учурда аларды 94 адам  30 атайын техниканын жардамы менен издеп жатат.   Иштер жер кыртышынын көп болушунан улам, татаалданууда, — дешет куткаруучулар. Эске салсак, 9-декабрда “Кумтөр” кенинде жер көчүп,… Кененирээк…

Италияда эң чоң балатынын оту жанды

Италияда эң чоң балатынын оту жанды. Ал бийиктиги 750 метрге, кеңдиги 450 метрге жеткен тоонун бетине түшүрүлгөн инсталляцияны түзөт. Аны 700 неон чырак кооздойт. Чокусуна орнотулган жылдызча 5 мүнөт сайын түсүн өзгөртүп турат.   Неон балатысы Италияда ушуну менен 38-жыл катары менен орнотулууда.

Бишкек Жаңы жылга карата кызуу даярдык көрүүдө

Бишкек Жаңы жылга карата кызуу даярдык көрүүдө. Ала-Тоо аянтында “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлери башкы балатыны кооздоп жатат. Экинчи ири токой сулуусу “Ынтымак” эс алуу багында орнотулат.   Филармониянын алдында 17 метрлик жаңы жылдын символу пайда болот. Ал эми “Чыгыш-5” кичи районунун тургундарын 12 метрлик балаты сүйүндүрөт.… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси 20 миллион 700 миң доллар сатты. Бул соңку эки жумадагы экинчи интервенция. Ноябрдын аягында рекорддук болуп эсептелген 35 миллион доллар сатылган болчу.   Белгилеп кетсек, Улуттук банк интервенциялар үчүн өлкөнүн резервдерин колдонот. Каржылык операция өлкөдөгү… Кененирээк…

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, 2 миллиард кубка аз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, 2 миллиард кубка аз. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин гидрометеорологдор суунун аз келүү мезгили башталганын билдиришкен.   Учурга карата башкы резервуарда 16 миллиард куб метр суу бар. Анын ортосунда Назаров белгилегендей, өлкөдө… Кененирээк…