Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек

Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек. Бул тууралуу  Унаа жана жолдор министрлиги эскертет. Белгилеп кетсек, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу унааларга дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат.   Талаптын аткарылышына көзөмөл өзгөчө Ош-Сарыташ-Иркештам, Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт трассаларында жүргүзүлөт. Кошумчаласак, республиканын басымдуу аймагында жакынкы… Кененирээк…

31-декабрда транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт

31-декабрда транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген машинелердин бажы төлөмү дээрлик 10 эсе  көбөйөт.   Белгилеп кетсек, буга чейин Экономика министрлиги жеңил тарифтер боюнча мөөнөттү узартуу суранычы менен Евразия экономикалык комиссиясына кайрылган. Бирок, андан майнап чыккан эмес.… Кененирээк…

Жогорку соттун Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды

Жогорку соттун Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык ремонт кылуу үчүн жарыяланган тендерди утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 миллион сом пара алган.   Азыркы убакта сотко… Кененирээк…

Айрым жол эрежесин бузуу үчүн айыптар жаңы бузууларга гана тиешелүү

Айрым жол эрежесин бузуу үчүн айыптар жаңы бузууларга гана тиешелүү. “Акчабар” агенттиги долбоордун авторлоруна шилтеме келтирип билдиргендей, документ президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.   Ага чейин катталган  бузуулар мурдагы тариф менен эле эсептелет. Эске салсак, буга чейин мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылган. Социалдык тармактардын… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Масловага Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Масловага Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Аларды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды.   Тыныбекова 2019-жылы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону аталып, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо уткан. Ошондой эле жөө күлүк Дарья Маслова марафон боюнча Олимпиадага жолдомого ээ болгон. Жалпысынан Чыңгыз Айтматов атындагы… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жол тыгындары орун алат

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жол тыгындары орун алат. Кечки саат 5те Чүй проспектисинин Эркиндик-Панфилов бөлүгү кыймылга жабылат. Ал эми саат 7де башкы балатынын отун жандыруу аземи өтөт.   Жол иш-чара аяктаганга чейин тосулуп турат. Айдоочуларга тыгындарда туруп калбашы үчүн башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат

Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул ведомствого дагы окуу жайларга дагы китептердин санын жана алардын абалын билип турууга шарт түзөт.   Учурда китепкананын кызматкерлери отчетторду колго толтуруп берсе, эми  бул система автоматташкан болот. Азиялык өнүктүрүү банкы… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күчү 5 баллга жеткен жер алдындагы силкинүүлөр  эртең мененки саат 10:39да катталды. Анын очогу Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым аралыкта жайгашты.   Кашка-Суу, Жайылма, Кара-Шыбак, Кабык жана Талды-Суу айылдарында 4 баллга чейин сезилди. Кыйроолор… Кененирээк…

Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды

Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөр архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип турганы үчүн акча алып келишкен.   Экотехинспекциянын башкармалыктарынын биринин жетекчиси жана башкы инспектору 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү.   Сотко… Кененирээк…

Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө

Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милиция сабоо фактысы боюнча шаар аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө. Социалдык тармактарда балдарын атасы кетип калгандыктан сабаган аялдын видеосу тараган. Кээ бир ММКларда балдарын сабаган аялдын… Кененирээк…