Ютуб каналынын эң белгилүү клиптери аныкталды

Ютуб каналынын эң белгилүү клиптери аныкталды. Биринчиликте Луис Фонси менен Дэдди Янкинин аткаруусундагы «Despacito» ырынын 6 жарым миллиард көрүүчүсү бар клиби турат. Экинчиде, Эд Ширандын «Shape Of You» тасмасын 4,5 миллиард адам көрсө, Уиз Халиф менен Чарли Путтун «See You Again» ыры 4 жарым миллиардга… Кененирээк…

Бишкекте адамды таануу жөндөмдүүлүгү бар 20 камера иштеп жатат

Бишкекте адамды таануу жөндөмдүүлүгү бар 20 камера иштеп жатат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, камералар коомдук жайларда орнотулган. Бирок кайсы жерлерде экендиги тууралуу маалымат берилбейт. Аталган камералар издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоого ылайык орнотулду, — дешти башкармалыктан.

Ирандын борбору Тегеранды каптаган коюу түтүндөн улам ондогон мектептер жабылып, ачык абада спорттук иш-чараларды өткөрүү токтотулду

Ирандын борбору Тегеранды каптаган коюу түтүндөн улам ондогон мектептер жабылып, ачык абада спорттук иш-чараларды өткөрүү токтотулду. Шаар бийлигинин абанын булганышы тууралуу чукул жыйынынан кийин, мектептер      жабылды. Бийлик ошондой эле калаадагы жол кыймылына чектөөлөрдү киргизип, оор жүк ташуучу машинелерге жүрүүгө тыюу салды. Кошумчаласак, Тегерандагы абанын булганышынын… Кененирээк…

    Жумгал районуна 33 миң долларга айыл-чарба техникалары алынды

Жумгал районуна 33 миң долларга айыл-чарба техникалары алынды. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Маалыматка караганда, Байзак айылына тапшырылган жабдуулар “Айыл-чарба өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу” долбоору боюнча дүйнөлүк банктын каржылоосу аркылуу сатып алынды. Ошондой эле жергиликтүү депутаттардын салымы 3 миң долларды түздү.

Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды

Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды. Мэриядан билдиришкендей, вандалдардан борбордук көчөлөр ысырапка учурады. Маалыматка караганда, мурда машина жүргөн жолдордогу торчолорду алып кетишсе, эми аялдамадагыларды дагы уурдашууда. Муниципалитет уурулук фактысына күбө болгон жарандарды 102 кызматына кайрылууга чакырат.

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Канат Жумагазиев билдирет. Анын айтымында, 2 миң жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинде мыйзамсыз унаалардын терезелерин караңгылату, жасалма номурларды пайдалануу… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады

«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин аэропорттун аймагына түшкөн коюу тумандан улам каттамдар кармалып жатканы айтылган. Ал эми учурда туман таркап 1 миң метр аралык көрүнүүдө. Каттамдар тууралуу алдын-ала маалыматты 0(312) 69-31-09 номери аркылуу… Кененирээк…

Окумуштуулар шоколаддын 8 пайдасын атап беришти

Окумуштуулар шоколаддын 8 пайдасын атап беришти. Маалыматка караганда таттуунун курамындагы антиоксиданттар кычкылтектин сиңишине жардам берип,  андагы нитриттер организмди көтөрүмдүү, чыдамкай кылат. Мындан тышкары, какаосу көп шоколад магний, темир, цинк, кальций сыяктуу витамин менен минералдарга бай. Ошондой эле шоколад жегендердин маанайы көтөрүлүп, көп ачууланбай, мээнин иштешин,… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчу Азат Үсөналиев бокс боюнча дүйнөлүк турнирде жеңүүчү аталды

Кыргызстандык спортчу Азат Үсөналиев бокс боюнча дүйнөлүк турнирде жеңүүчү аталды. Ал 52 килограммга чейинки спортчулар арасында 4 баскычта тең биринчиликке жетип, финалдык беттешке чыкты. Чечүүчү бөлүктө Үсөналиев Эквадордун өкүлү Луис Дельгадо менен күч сынашып, аны утуп алтын медалдын ээси болду. Эске салсак, мелдеш Россиянын Белоярск шаарында… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, тосмо орнотуу иштерине 11 куткаруучу тартылды. Эске салсак, 10-декабрда аталган шахтада 4 адам газга ууланып каза болгон. Куткаруучулар 215 метр тереңдиктен ууланган жумушчуларды алып чыгып, туугандарына алардын сөөгүн тапшырып… Кененирээк…