Американын тургуну эки жылда 150 килограммга арыктады

Американын Род-Айленд штатынын тургуну Майк Горман эки жылда 150 килограммга арыктады. Ал азыктын курамында углеводдун аз өлчөмдө болгон кетоген диетасын карманды. Ага катар машыгуу залында тынымсыз машыккан. Буга чейин Америкалык жаран күнүнө 20 миңден ашык калориясы бар азык жеген жана 46 жашында салмагы 250 килограмм… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн баасы арзандады

Кыргызстанда көмүрдүн баасы арзандады. Улуттук статистика комитети бүгүнкү күндөгү бааны жарыялады. Ведомствонун маалыматына ылайык, декабрда өткөн айга салыштырмалуу кара отундун тоннасы 156 сомго же 3,3 пайыз төмөндөдү. Учурда эң жогорку баа Баткенде тоннасы 7 миң 808 сом. Ал эми минималдуу баа Нарында 3 жарым мин… Кененирээк…

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылышы күтүлүүдө

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу novosti.kg ге Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришти. Ага караганда, бул маселе боюнча аталган мекемеде чечим кабыл алынды. Тиешелүү документке кол коюлса, убактылуу айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү узартылат. Эске салсак, аталган документти кыргызстандыктар 31-декабрга чейин алмаштырышы керек.

Дүйнөдөгү эң чоң жана эң биринчи жолу мейманкана муздан курулду

Дүйнөдөгү эң чоң жана эң биринчи жолу мейманкана муздан курулду. Ал Швециянын түндүгүндө жайгашып, 30 жылдыгы белгиленди. Жыл сайын муздан салынган конок үйү жазында толугу менен эрип жок болот. Ал эми түндү 5 градус суукта өткөргүсү келгендер,  орундуктарга 540 евро төлөшөт. Өзгөчө мейманкананын коноктору, баанын… Кененирээк…

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу novosti.kg ге Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди. Ага караганда, бул маселе боюнча аталган мекемеде жакынкы арада чечим кабыл алынат. Эске салсак, убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү кыргызстандыктар 31-декабрга чейин алмаштырышы керек. Бирок, жаңы үлгүдөгү документтер 9-декабрдан тарта бериле… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабы кийинки жылдын май айында башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабы кийинки жылдын май айында башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик маалымат технологиялар комитетинин жетекчиси Дастан Догоев билдирет. Анын айтымында, учурда Ички иштер министрлиги кайсы жерлерге камера орнотуу керектиги боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. Январда тестирлөө максатында жабдууну орнотуунун пландалып жатат. Белгилеп кетсек, “Коопсуз шаар”… Кененирээк…

Бишкектеги коомдук унаалардын ичи жаңы жылга карата кооздоло баштады

Бишкектеги коомдук унаалардын ичи жаңы жылга карата кооздоло баштады. Мэриянын маалымат кызматынан белгилешкендей, алгач №2 троллейбустун ичи жасалгаланып, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоодо. Башка автобус, троллейбустар дагы кийинки жумага чейин кооздолот, — дешти муниципалитеттен.

Жети-Өгүз районунундагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы мектеп 1 миллион 240 миң сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу айыл аймактык башчы Адилет Дүйшенбиев билдирди. Анын айтымында, курулуш иштердин каражаты дем берүүчү гранттын эсебинен бөлүндү. Учурда иштердин 90 пайызы аяктап калды. Ошондой эле билим берүү мекемесинин алдына 900… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жазында ишке берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жазында ишке берилет. Учурда курулуш иштердин 80 пайызы аяктап калды. Медициналык мекеменин курулуш иштерине Эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан 18 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми имаратты куруу иштери ушул жылдын июль айында башталган.

Өлкө аймагындагы башкы жолдор кыймылга ачык

Өлкө аймагындагы башкы жолдор кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен  novosti.kg ге билдиришкендей, тоолуу райондордо кар калың, бирок кырдаал унаалардын жүрүүсүнө кыйындык жаратпайт. Учурда бардык өтмөктөрдө, жолду эксплуатация башкармалыгынын кызматкерлери инерттүү материалдарды сээп, жолду кардын калың катмарынан арылтышууда. Ошондой эле, алыскы сапарга чыга турган айдоочулар… Кененирээк…