Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук 2-этабы старт алды

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук 2-этабы старт алды. Бул тууралуу Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Облуска караштуу Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй-Токмок жана Кемин райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары метод кабинеттин башчылары менен биргеликте иш алып барууда. Олимпиадага жалпысынан облус… Кененирээк…

Япониялык окумуштуулар жасалма кан ойлоп табышты

Япониялык окумуштуулар аллергиялык реакция чакырбаган жасалма кан ойлоп табышты. Ал адамдын бардык тайпадагы резус факторуна жарамдуу. Адистер бир нече тестирлөө өткөрүп, каршы көрсөтмөлөрүн кезиктиришкен жок. Белгилеп кетсек, бейтапканаларда донордук кандын жетишсиздиги байкалат. Эгерде мындай ачылышты япониялык изилдөөчүлөр дүйнөгө жайылтса, миллиондогон бейтаптын өмүрү сакталат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарындагы Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышты. Анда чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн тышкары КМШ мамлекет башчыларынын расмий эмес жолугушуусу өттү. Анын алкагында 11 документке кол коюлду. Анын катарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу макулдашуусу да… Кененирээк…

Бишкекте 11 жаштагы окуучуну түшүрбөй койгон автобустун айдоочусу иштен алынат

Бишкекте 11 жаштагы окуучуну түшүрбөй койгон автобустун айдоочусу иштен алынат. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, калаа башкармалыгына шаар тургунунан арыз түшкөн. Анын айтымында, баласы жолго деген акчасын жоготуп, жол киресин төлөй албай калган. Автобустун айдоочусу керектүү аялдамадан окуучуну түшүрбөй, үйүнөн алыс жайгашкан айылдан түшүргөн. Ал үйүнө… Кененирээк…

2020-жылы «Ак-Жол» – «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат

2020-жылы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» – «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Маалымат боюнча, Казакстандын бийлиги кийинки жылы «Кордай» унаа бекетин оңдоо иштерин баштайт. Ушундан улам каттоолорду жакынкы пунктар аркылуу жүргүзүүгө туура келет. Белгилеп кетсек, учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгек стажына пенсия берилет

Кыргызстандыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгек стажы пенсия берүү учурунда эске алынат. Мындай документке Санкт-Петербург шаарындагы КМШ мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кол коюлду. Келишим ЕАЭБ өлкөлөрүнүн парламенттери аны ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. Жаңы мыйзамга ылайык, биримдик ичиндеги бардык өлкөлөрдөгү стаж эске алынат. Мисалы, кыргызстандык жаран Россияда иштеп, кийин… Кененирээк…