АКШда “Blueface” каймана аты менен белгилүү болгон жаш ырчы көчөдөн 50 миң доллар чачты

АКШда “Blueface” каймана аты менен белгилүү болгон жаш ырчы көчөдөн 50 миң доллар чачты. Рэп аткаруучу унаасынын үстүнө чыгып, топтолуп турган адамдарга карата акча ыргытты.   Топтун басымдуу бөлүгү үй-жайсыз адамдар болгон. Видеону көргөн күйөрмандары анын бул кылыгын үй-жайсыз адамдарды сыйлабагандык деген пикирлерин билдиришти. Ал… Кененирээк…

ФИФА Бишкекте футбол борборун курууга 3,5 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр

ФИФА Бишкекте футбол борборун курууга 3,5 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Бул туралуу футбол федерациясынын генералдык катчысынын орун басары Нурдин Букуев билдирди.   Анын айтымында, бул үчүн 10 гектарга чейин аянт керек. Мэрия азырынча аны бөлүп бере элек. Бирок эл аралык уюм берген грант ушул             … Кененирээк…

Мамлекеттик чек ара кызматы “Ак-Жол унаа жолу” түйүнү жабыла турганын эскертип, альтернативалык варианттарды сунуштайт

Мамлекеттик чек ара кызматы “Ак-Жол унаа жолу” түйүнү жабыла турганын эскертип, альтернативалык варианттарды сунуштайт. Ведомстводон белгилешкендей,  аталган өткөрүү пункту 2020-жылдын январында кайра калыбына келтирүү иштерине жабылат.   Жарандар коңшу Казакстанга “Ак-Тилек”, “Токмок унаа жолу”, “Кең-Булуң унаа жолу”, “Кайыңды темир жолу” жана “Чалдыбар унаа жолу” түйүндөрү… Кененирээк…

Оштун башкы балатысынын оту жанды

Оштун башкы балатысынын оту жанды. Токой сулуусунун бийиктиги 27 метрге жетет. Майрамдык иш-чарага түштүк калаанын мэри Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү чиновниктер жана тургундар катышты.   Шаар жашоочулары эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт уюштурулду. Кече майрамдык салют менен жыйынтыкталды.

Бишкектин 3 мектебинде кошумча корпустар курулат

Бишкектин 3 мектебинде кошумча корпустар курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп №72, 59 жана 16 мектептер тууралуу болуп жатат. Ар бир мектепте 150дөн 225 окуучуга чакталган курулуш пайда болот.   Бул максатта каражат Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнөт. Жаңы мекемелер балдарга каалгаларын кийинки жылы ачып калат.

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин 5 миңден ашык кызматкери камсыздайт.   Маанилүү объектилер, эл көп топтолгон жерлер, ооруканалар, окуу жайлар жана социалдык мекемелер өзгөчө коргоого алынат.

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды. novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма-сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, тиешелүү жарлык өкмөттө жактырылды.   Муну менен, убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алган жарандар ушул күнгө чейин документтерин алмаштырып алса болот. Эске салсак, буга чейинки мөөнөт 31-декабрда аяктамак.

Кыргызстандык мигранттардын санын азайтуу максатында аймактарга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө

Кыргызстандык мигранттардын санын азайтуу максатында аймактарга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, региондордо жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн кайра иштетүү, айыл-чарба, өндүрүш ишканаларын ачуу максатында мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүндү.   Өлкө башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө Россияда 700 миң,… Кененирээк…

Ысык-Көл районунун Темир айылында кичи футбол аянтча курулду

Ысык-Көл районунун Темир айылында кичи футбол аянтча курулду. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы билдирет. Маалыматка караганда, курулуш иштерге дем берүүчү гранттын эсебинен 2 жарым миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп берилген. Учурда футбол аянтча пайдаланууга берилип, турнирлер өтүүдө.

Кыргызстанда паспорттун жоголуусу көбөйүүдө

Кыргызстанда паспорттун жоголуусу көбөйүүдө. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы билдирет. Маалыматка караганда, үч жылдын жыйынтыгы боюнча 160 миңден ашык паспорт жоголду жана 12 миңден ашыгында каталар табылган. Ал эми 2019-жылдын 11 айында 950 миңден ашуун паспорт берилди, — деп айтылат маалыматта. Алар жарандык, дипломатиялык жана… Кененирээк…