«ПСЖ» клубу өзүнүн чабуулчусу Килиан Мбаппе менен болгон келишимди узартуу ниетинде

«ПСЖ» клубу өзүнүн чабуулчусу Килиан Мбаппе менен болгон келишимди узартуу ниетинде. Франциялык клубдун жетекчиси 21 жаштагы оюнчуга жылына 32 миллион евро төлөй турган 5 жылдык келишим сунуштоодо. Ал эми Мбаппенин учурдагы келишими 2022-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн. Белгилей кетсек, Килиан Мбаппе футбол боюнча Франциянын биринчилигинде… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 29-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашууда, Ала-Белде, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя трассасында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Аталган тилкелерде жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек,- дешти министрликтен.

Бишкекке Футбол борборун куруу маселеси 14-январына жылдырды

Бишкекке Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбей, сессия 2020-жылдын 14-январына жылдырды. Эске салсак, мэрия футбол борборунун курулушуна жер тилке бөлүп бербесе, каршылык акциясы катары Кыргызстан курамасы Бишкекте ойнобойт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев билдирди. Ал эми долбоорду ишке ашырууга ФИФА каражат бөлүп… Кененирээк…

Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө реконструкцияланат

  Талас — Тараз унаа жолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө реконструкцияланат. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Курулуш иштерине гранттык негизде Япония Кыргызстанга 16 миллиард 4 миллион доллар берет. Аталган долбоор боюнча «Талас-Тараз» унаа жолунун 82-чакырымындагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна… Кененирээк…

Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына 4 миллион теңгеден берилет

Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына 4 миллион теңгеден берилет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди. Эске салсак, Алма-Атадан Нур-Султанга бет алган аба кемеси кечээ эртең менен кыйрады. Ал курулуп жаткан имаратка кулаган. Бортто 98 адам болгон, алардын ичинен 12 киши каза болгону… Кененирээк…