Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын жетекчилери камалды

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кенинен алтын өндүрүүчү фабрикасынан алтын рудасын уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, фабрикада иштеген айрым адамдар руданы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн.   Өткөн… Кененирээк…

Ошто жер титиреди

Оштогу Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында бүгүн эртең менен жер титиреди.   Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, күчү Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 балл болуп сезилген.   Жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Бүгүн Бишкекке жана Чүй облусунун айрым аймактарына калың туман түшөт. Туман түнү бою кармалат. Көрүү деңгээли 500 метрге чейин гана жеткендиктен, айдоочуларга этият болуу сунушталат.   Жөө жүрүүчүлөр дагы жолду тиешелүү тилкелерден гана өтүшү керек.

Кыргызстанда доллар куну кайрадан күчтөнүүдө

Кыргызстанда доллар куну кайрадан күчтөнүүдө. Жуманын башынан бери  америкалык валюта  20 тыйынга кымбаттады. Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 69 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 69 сом  90 тыйындан сатышууда.   Эске салсак, жылдын аягында доллар курсу төмөндөп,   69 сом 50… Кененирээк…

“Кумтөр” кенинде дайынсыз болгон эки кызматкерди издөө уланууда

“Кумтөр” кенинде дайынсыз болгон эки кызматкерди издөө уланууда. Бул тууралуу ишкананын басма-сөз кызматынан билдиришти. 1-декабрдан бери кенде иш токтоп турат, жумуштар качан жанданат, азырынча белгисиз.   Эске салсак,  1-декабрда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Алар —… Кененирээк…

Тегерандын эл аралык аэропортунда украиналык учак кулады

Тегерандын эл аралык аэропортунда украиналык учак кулады. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, аба кемеде 180 жүргүнчү болгон. Учак аэропорттон чыгаары менен кыйраган.   Алдын-ала маалымат боюнча, кырсык техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыкты.

Кыргызстан россиялыктар эс алууга көп каттаган мамлекеттердин катарына кирди

Кыргызстан россиялыктар эс алууга көп каттаган мамлекеттердин катарына кирди. Бул туурасында РИА Новости  саякаттоонун бирдиктүү реестрине шилтеме берип жазды.   Сервистин адистери россиялыктардын чет мамлекетке баруу үчүн алган авиабилеттерин карап, туристтер үч жума жана андан көп мезгилде кайсы шаарларга бара турганын анализдешкен.   Рейтингдин сап башына… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсү уюму жаңыланган рейтингин жарыялады. 2020-жылдын биринчи рейтинги былтыр өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн.   Анда Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болгон. Аталган рейтинг Олимпиада оюндарында таразага түшүүдө таасир этет.

“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда

“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда. Мунициплдык ишкананын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолдорго 300 тоннага жакын техникалык туз себилди.   Тоңгон муздарды чагып, карды тазалоого 37 атайын техника тартылган. Күндүз жана кечинде Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч, “Тазалыктын” 117 жүк ташыган кызматкери жана 100гө чукул таштанды… Кененирээк…

Улуттук банктын  алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 миллион долларды түздү

Улуттук банктын  алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 миллион долларды түздү. Бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.   Анын  айтымында, акыркы жылы өлкөдөгү банк системасынын активдери 25 миллиард сомго же 11 пайызга көбөйгөн. Коммерциялык банк аркылуу бюджеттик… Кененирээк…